Маалыматтарыңызды кантип өчүрүү керек
Бул жерде BotFactory AI Instagram, WhatsApp же сайттагы өтүнмө аркылуу алган маалыматтарды кантип өчүрүү керектиги жазылган. Эмне чогултабыз жана эмне үчүн — купуялык саясатында.
Эгер биздин бот иштеген дүкөнгө, салонго же клиникага жазсаңыз
- serenegrupp@gmail.com дарегине же Instagramдагы @botfactory.ai аккаунтуна «Маалыматтарды өчүрүү» деген тема менен жазыңыз.
- Кайсы бизнеске жазганыңызды, кайсы Instagram же Telegram аккаунтунан, же WhatsApp номеринен жазганыңызды жана жазышуунун болжолдуу датасын көрсөтүңүз.
- Сурамды алганыбызды 3 иш күнүнүн ичинде ырастап, сурамдын номерин жөнөтөбүз.
- 30 күндүн ичинде системаларыбыздан бот менен жазышууңузду, атыңызды, байланыштарыңызды жана заказдардын маалыматтарын өчүрүп, баары өчүрүлгөнүн кабарлайбыз.
Биз маалыматтарды өз системаларыбыздан өчүрөбүз. Instagram, WhatsApp же Telegramыңыздагы жана бизнестин өз аккаунтундагы билдирүүлөр Meta, Telegram жана бизнесте сакталат. Жазышууну өзүңүздө тиркемеден өчүрсөңүз болот, ал эми бизнесте — андан түз сурап.
Эгер BotFactory AIга Instagramыңызды, Facebook барагыңызды, WhatsAppыңызды же Telegramыңызды туташтырсаңыз
Адегенде тиркемени өчүрүңүз — ошондо жаңы билдирүүлөрдү алууну дароо токтотобуз:
- Facebook: «Настройки и конфиденциальность» → «Настройки» → «Бизнес-интеграции» → BotFactory AI → «Удалить».
- Instagram: «Настройки и действия» → «Разрешения для сайтов» → «Приложения и сайты» → BotFactory AI → «Удалить».
- WhatsApp Business: бизге жазыңыз — номерди биз тараптан 24 сааттын ичинде ажыратабыз.
- Telegram: бизге жазыңыз — ботту аккаунтуңуздан 24 сааттын ичинде ажыратабыз.
Пункттардын аталыштары тиркемелердин орусча интерфейси боюнча берилди, ар кайсы версияларда бир аз айырмаланышы мүмкүн.
Өчүргөндөн кийин 24 сааттын ичинде аккаунттарыңызга кирүү ачкычтарын өчүрөбүз. Мурунтан сакталган маалыматтарды — жазышууларды, каталогду, отчёттарды — өчүрүү үчүн serenegrupp@gmail.com дарегине жазыңыз: 30 күндүн ичинде өчүрөбүз. Өчүргөнгө чейин жазышууларды жүктөп алууну сурасаңыз болот.
Эгер сайтта өтүнмө калтырсаңыз
serenegrupp@gmail.com дарегине же WhatsAppка +996 550 910 611 жазып, өтүнмөдөгү телефон номериңизди көрсөтүңүз. Өтүнмөнү 30 күндүн ичинде өчүрүп, ырастайбыз.
Эмнени дароо өчүрө албайбыз
Кардарлар менен түзүлгөн келишимдерди, эсептерди жана актыларды Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана салык мыйзамдары талап кылган мөөнөттө сакташыбыз керек, ал мөөнөт бүткөндө өчүрөбүз. Сатып алуучулардын жазышуулары буларга кирбейт.
Байланыш
ОсОО «Серене Групп», ИНН 00906202510487
Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Раззакова, 100
Почта: serenegrupp@gmail.com
Телефон жана WhatsApp: +996 550 910 611